Биз социалдык тармакта

Сузакта тууганына өткөрүп берген аэродром мамлекетке кайтарылды (видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 12,8 гектар аянтты ээлеген аба майданчасы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1978-жылы Сузак райондук "Плодородие" айыл чарба аралык бирикмесине айыл чарба авиациясы кызматтары үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок 2003-жылы Багыш айыл өкмөтүнүн М.Ж. аттуу башчысы өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган тилкени өзүнүн жакын тууганы М.С.га өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган.
Ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында аянты 12,8 гектар болгон көрсөтүлгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Сузакта тууганына өткөрүп берген аэродром мамлекетке кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан