Биз социалдык тармакта

Казарманда теракт жасоону пландаган делип 8-класстын окуучусу кармалды (видео)

Жалал-Абаддын Казарман айылындагы мектептерде жана бала бакчаларда террордук акт жасоону көздөгөн деген шек менен 8-класстын окуучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Фейсбук социалдык түйүнүндөгү "Казарман реклама" баракчасына Тогуз-Торо районун Казарман айылындагы бала бакчаларда жана орто мектептерде пландаштырылган террордук чабуулдар тууралуу билдирүү жарыялаган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Тогуз-Торо районундагы орто мектептердин биринин 8-классынын Б.К. аттуу окуучусу кармалды. Ал интернет-террористтердин таасири астында теракт жасоону көздөгөн. Учурда тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Казарманда 8-класстын окуучусу террордук акт жасоону пландаган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан