Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин укуктун үстөмдүгү боюнча ачык дебатына катышып, БУУнун Уставынын максаттары менен принциптерине жана эл аралык укуктун ырааттуу колдонулушуна берилгендигин дагы бир жолу ырастады. Бул тууралуу БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, дебаттын жүрүшүндө кыргыз тарап эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо, жаңжалдардын алдын алууда жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөдө укуктун үстөмдүгүнүн маанилүү ролун баса белгиледи. Эл аралык укукту, суверендүү теңдикти жана көп тараптуу кызматташтыкты урматтоо азыркы татаал глобалдык шартта өзгөчө маанилүү экени айтылды.
"Деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тобунун учурдагы төрагасы катары Кыргызстан адилеттүү, инклюзивдүү жана эрежелерге негизделген эл аралык системаны бекем колдоорун билдирди. Кыргыз Республикасы ар бир мамлекет көлөмүнө же географиялык абалына карабастан эл аралык укук алдында тең корголуп, дүйнөлүк чечимдерди кабыл алууда бирдей укукка ээ болушу керек деген позициясын билдирди", - деп жазылган маалыматта.