
Чүй облусунда каракчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, 25-январда Ысык-Ата райондук милициясына жаран арыз менен кайрылды. Анда 25-январга караган түнү, болжол менен саат 00:30 чамасында анын Котовский айылында жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар кирип, каракчылык кылганын билдирди. Шектүүлөр жабырлануучуну ур-токмокко алып, колу-бутун аркан менен байлап салышкан.
Андан соң каракчылар сейфте сакталган 165 миң сом акча каражатын жана уюлдук телефонду ачык түрдө тартып алып, изин жашырышты.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 1995-жылы туулган Б.М., 1995-жылы туулган Ж.А. жана 1978-жылы туулган Р.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышты уюштурган жаран жабырлануучунун мурдагы жубайынын тууганы болуп чыкты.
Тергөө уланууда.