Биз социалдык тармакта

Ош облустук сотуна жалган кызматкерлерди орноштурган шектүүлөр аныкталды

Ош облустук сотунун кызматкерлери документтерди жасалмалаганы жана соттун аппаратына жалган кызматкерлерди жумушка орноштурууну уюштурушканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, О.Н., А.у.Б. жана К.у.Б. аттуу шектүүлөр эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү менен мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында кылмыштуу кутумга барганы аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан