Биз социалдык тармакта

Интернетте экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

Социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал социалдык тармакта колдонуп жүргөн баракчасы аркылуу ачык түрдө ИГИЛ экстремисттик-террордук уюмуна таандык болгон материалдарды жайылткан.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан