
Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоону өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылган.