
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеген 107 Кыргыз жараны мекенге келгенден кийин Социалдык фонддон бир жолку төлөмдөрүн алышты. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 136 жаран кайрылган. Анын ичинен 107 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен төлөндү, 29 жаран учурда чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3789 долларды түздү.