Биз социалдык тармакта

Кара-Кулжада Кызыл китепке киргизилген бүркүттү кармаган жаран аныкталды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Кызыл китепке киргизилген бүркүттү мыйзамсыз кармаган жаран аныкталды. Бул тууралуу 28-январда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, мекеменин Ош аймактык башкармалыгына Кара-Кулжа районунун аймагында бир жаран Кызыл китепке киргизилген бүркүттү үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Мунун негизинде NABU уюмунун "Барс-2" тобунун кызматкерлери менен биргеликте аталган жаран аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 262-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми бүркүт табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан