
Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн үч чет өлкөлүк жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкекте 47 жаштагы Г.Д. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал ден соолугуна атайлап оор залал келтиргени, ошондой эле мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Андан кийин "Манас" аэропортунда өлкөгө кирүүгө аракет кылган 38 жаштагы С.В. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал чет мамлекеттин жарандарын мыйзамсыз өлкөгө алып кирүүгө, жасалма документтерди колдонуп алдамчылык кылмыштарга аралашууга шектелип эл аралык издөөдө жүргөн.
Бишкек шаарындагы "Коопсуз шаар" системинин видео көзөмөл камераларынын жардамы менен дагы бир эл аралык издөөдө жүргөн 40 жаштагы А.Х. аттуу жаран кармалган. Ал алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.