Биз социалдык тармакта

Былтыр 8 чакан ГЭС ишке берилди

Былтыр өлкө боюнча 8 чакан гидроэлектростанция ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алардын жалпы кубаттуулугу 44,59 мегаватты түзөт. Былтыр 8 чакан ГЭСтен 41 миллион киловатт-сааттан ашуун электр энергиясы өндүрүлгөн.
Анын ичинен "Чакан ГЭС" ААКсына тиешелүү Кара-Көл ГЭСи 2025-жылдын 27-октябрында өлкө башчынын катышуусунда салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилген.
"Учурда "Чакан ГЭС" ишканасы Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар ГЭСтерин куруу иштерин активдүү улантууда. Бул объекттер ири ГЭСтердин жүгүн толук жеңилдете албаса да, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууда олуттуу салым кошору талашсыз",- деп айтылат маалыматта.
Былтыр 8 чакан ГЭС ишке берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан