Бишкек - Ош унаа жолунун 447-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланды. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги учурда эки тараптуу каттам бар экенин билдирди.
Буга чейин аталаган тилкеде кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жол убактылуу жабылганы маалымдалган.