Биз социалдык тармакта

Кара-Балтада мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен социалдык объект аныкталды

Кара-Балта шаарында мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объект аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндөгү социалдык объект (автобаза) жер тилкеси менен биргеликте мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн, баасы 105,9 миллион сомдук социалдык объект толугу менен мамлекетке кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан