Жантөрө Сатыбалдиев: “Премьер-министрлик менин менчик кызматым эмес. Андыктан отставкага кетүүгө деле даярмын”

"Премьер-министрлик менин менчик кызматым эмес". Мындай пикирди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев журналисттер менен болгон жыйында билдирди. “Парламентте айрым депутаттар мага карата ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу демилгелерди көтөрүп жатышат. Мен кандай иштегенимди коомчулук баалашы керек. Эгер 40тан ашык ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу кол топтолсо, анда ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралат. Бир гана айтарым, премьер-министрлик менин менчик кызматым эмес. Мен элге кызмат кылуу үчүн келгем. Эгер чындап ишенбөөчүлүк көрсөтүлсө, анда отставкага кетүүгө деле даярмын” деди Жантөрө Сатыбалдиев. Эске салсак, өткөн аптада “Ата Журт” фракциясынын айрым депутаттары Жантөрө Сатыбалдиевге ишенбөөчүлүк көрсөтпөө үчүн кол топтоо демилгесин көтөрүшкөн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан