Биз социалдык тармакта

Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалышты (видео)

Бишкек шаарында уурулукка шектүү адамдар кармалышты. Бул тууралуу 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Аламүдүн базарынын аймагында белгисиз адамдар А.А. аттуу жарандын жашы жете элек кызынын iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 1998-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды. Мындан тышкары, уурдалган уюлдук телефон 2001-жылы туулган А.З. аттуу жаран менен биргеликте "Ош базарынын" аймагында сатылганы аныкталган.
"Беш-Сары" соода борборунда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 20дан ашык уюлдук телефон табылган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте чөнтөк уурулукка шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан