Шоумен, тамада Дастан Махамадмурзанын жубайы, ырчы Хадижа Камалдинова көз жарды. Мындай кубанычтуу жаңылыгын ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалым болгондой, түгөйлөр кыздуу болушкан.
"Аллага шүгүр! Кош келдиң, кызым",- деп билдирүү калтырды ал.
Айта кетсек, жубайлар буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.