Биз социалдык тармакта

"Унаа" мекемеси жеке автомектептердин мугалимдерин жолугушууга чакырды

"Унаа" мамлекеттик мекемеси жеке автомектептердин мугалимдерин жолугушууга чакырды. Мекеме бул иш-чара конструктивдүү жана узак мөөнөттүү кызматташууну түзүүгө багытталганын белгиледи.
"Буга чейин айтылгандай, бардык жеке автомектептердин мугалимдерин мамлекеттик автомектептерге тиешелүү багыттар боюнча жумушка кабыл алууга даярбыз. Жолугушуу учурунда сиздер келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалымат ала аласыздар",- дешти мекемеден.
Катышууну каалагандар жолугушууга барарын 28-январь, саат 20:00гө чейин ырасташы зарыл. Байланыш номери (WhatsApp): 0755 106 055
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан