Ырчы Самат Муратбеков жана блогер Жика Садыр кызы бешинчи ирет ата-эне статусуна ээ болушту. Бул тууралуу Жика Садыр кызы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
"Жараткан Алланын буйругу менен кызымды аман-эсен боорума алдым, өзүмдү бир чоң анан татаал согушту жеңип чыккан баатырдай эле сезип жатам. Кандай абалда болбоюн баарына ыраазымын", - деп билдирүү калтырган ал.
Эске салсак, Самат Жетигенов менен Жика Садыр кызы 2015-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр үч зирек кызды жана бир уулду тарбиялап келишкен.