MC Doncha деген каймана аты менен белгилүү болгон вайнер Данияр Токтомаметов жана жубайы Айдай Жусупова экинчи ирет ата-эне болушту. Мындай кабарды жубайлар социалдык тармактагы баракчаларында бөлүштү.
"Эркеайым, кош келдиң биздин сүйүктүү жана көптөн күткөн кызыбыз",- деп билдирүү калтырышкан алар.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 2023-жылы баш кошуп, бир уулду тарбиялап келишкен.