
Кыргызстанга Индиядан жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Индияда нипах вирусунун катталышына байланыштуу кабыл алынган.
"Нипах вирусу кооптуу зооноздук инфекция болуп эсептелет жана ал жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн. Жарандарга келип чыгышы белгисиз жаныбарлардан алынган продукцияларды сатып алуудан алыс болууну жана ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз",- деп билдирди министрлик.
Ошондой эле учурда кырдаал туруктуу көзөмөлдө экени кошумчаланды.