Биз социалдык тармакта

Орусияда мигранттардын саны 10 пайызга кыскарды

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Орусияда чет өлкөлүк жарандардын саны азайды. Эгер 2024-жылы өлкөдө 6,3 миллион мигрант катталган болсо, 2026-жылдын башына карата бул көрсөткүч 5,7 миллион адамга, башкача айтканда, 10 пайызга чейин кыскарган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграциялык саясат департаментинин аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси Александр Перегожин билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын санынын кыскарышынын негизги себеби - чет өлкөлүк жашы жете электердин санынын дээрлик төрттөн бирге азайышы. Ал ошондой эле 2025-жылдын расмий жыйынтыгы февраль айында чыга турганын белгиледи. Буга чейин өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк 27-январда өзүнүн Telegram каналына "эгер чет өлкөлүк жарандар балдарынын Орусияда мыйзамдуу жашап турушун камсыз кылбаса, аларга өлкөдө калууга тыюу салынышы мүмкүн. Ошондой эле балдарына негизги жалпы билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бербеген чет өлкөлүктөргө карата да ушундай чечим кабыл алынышы ыктымал",- деп билдирген.
Эске салсак, 28-январдан тарта Орусияда жаңы федералдык мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги менен билим берүү тармагын башкарган органдардын ортосунда жашы жете элек чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат алмашуу жүргүзүлөт. Тактап айтканда, миграциялык каттоого коюу, мектептерге жана колледждерге кабыл алуу, окуудан чыгаруу сыяктуу маалыматтар мекемелер арасында бөлүшүлөт.
Бийликтин билдиришинче, мындай чаралар мигрант балдардын өлкөдө мыйзамдуу жүрүүсүн жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөөгө ыңгайлуу шарт түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан