Биз социалдык тармакта

Акыркы 5 жыл ичинде жол куруу иштеринин көрсөткүчү өстү

Акыркы 5 жыл ичинде өлкө аймагында жол куруу иштери өстү. Бул тууралуу 29-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул аралыкта өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашты. Акыркы 5 жылда асфальтталган жолдордун көрсөткүчү:
  • 2021-жылы 175 чакырым;
  • 2022-жылы 488,4 чакырым;
  • 2023-жылы 673,8 чакырым:
  • 2024-жылы 802 чакырым;
  • 2025-жылы 1545 чакырым.
Мындан тышкары, жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2022-2024-жылдар аралыгында 750 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, экскаватор жана башкалар кирет. Жол-транспорт тармагындагы жогорку көрсөткүчтөр техникалык базанын толукталышы менен жетишилип жатат. Алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан