Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин рейди Шакиров көчөсүндө өттү. Шаар башчысы жеке мектептин короосу жолго чейин жетип, кызыл сызыктан чыгып кеткенин айтып мектептин ичине кирди.
Анда мэр айтылган маселелерди имараттын ээсине жеткирүүнү табыштап, мугалимдерди күлкүгө салды.
"Ачкыла, жолго куруп алгансыңар. Негизи жолдун ортосуна эле куруп алышыңар керек эле, Ошто боло берет экен го",- деди мэр.
Калаа башчысы жеке мектепке мыйзамсыз ээленген жерди үч күндө бошотуп коюуну айтып, тийиштүү кызматтарга жеринде тапшырма берди.