Биз социалдык тармакта

Чачын кырышып... Жалал-Абадда 16 жаштагы кызды кордоого шектүүлөр кармалышты

Жалал-Абадда 16 жаштагы кызды кордогон деген шек менен 19 жаштагы жигит жана 37 жаштагы аял кармалды.
Жалал-Абад облустук милициясы билдиргендей, милицияга кайрылган Ош облусунун тургуну кызын эч бир себепсиз ур-токмокко алышып, кашын, чачын кырып кыйнагандарга чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу денесинен алган жаракаттарынан улам Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап, кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Манас шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынышты. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан