“Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрү кыргыз киносу тууралуу жазылган макалаларга сынак жарыялады. "Ракурс” деп аталган бул сынак 2014-жылдын 30-апрелине чейин уланат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда маалымат жыйынында режиссёр Эрнест Абдыжапаров билдирди.
Анын айтымында, сынакка 2013-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 30-апрелине чейин жергиликтүү ММКларга чыккан макалалар катыша алат. Макалаларды gulbaratolo@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек. Эң мыкты макаланын автору 75 миң сомго ээ болот. Ал эми кыргыз киносу боюнча жазылган аналитикалык макаланын жеңүүчүсүнө 55 миң сом ыйгарылмакчы.
“Ракурс” сынагынын сыйлык тапшыруу аземи 2014-жылы 16-майда өткөрүлөт”,- деп Эрнест Абдыжапаров кошумчалады.