Манас шаарында жол тескөөчүлөрү кыздын башына шейшеп жаап, алып качып бара жаткан төрт жигитти кармашты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 28-январь саат 21:00 чамасында болгон. Анда Пушкин көчөсүндө курбусу менен бара жаткан 2003-жылы туулган кызды 4 бейтааныш жигит күч колдонуп, башын шейшеп менен жаап, Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа менен алып качып кеткен. Ал эми ЖКККБнын кызматкерлери Кызыл-Сеңир айылынан унааны токтотуп, жигиттерди тергөө кызматына жеткиришти.
Кыз милицияга арыз жазып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1994-жылы туулган үч, 1993-жылы туулган бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.