Биз социалдык тармакта

Таш-Көмүрдө жол жээгинде бара жатып кой уурдаган үч жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жол жээгинде бара жатып кой уурдаган үч жаран кармалды. Бул тууралуу 29-январда облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-январь күнү Кызыл-Алма айылынын 1987-жылы туулган К.С. аттуу тургунунун Ош-Бишкек жолунда койлорунун жайылып жүргөн жеринен 1 баш коюн белгисиз адамдар кара түстөгү мерседеске жүктөп уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 2002, 2003, 2004-жылы туулган тургундары кармалышты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан