Биз социалдык тармакта

Бишкекте Кыргыз-Кытай кызматташтыгы талкууланды 

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин жолугушусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргыз-Кытай өз ара кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашып, соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлар талкууланып, Кыргыз өлкөсүндө маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги жагдайлар боюнча пикир алмашуу болду.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө берилгендигин тастыкташты. Ошондой эле 2026-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты",- деп билдирди ТИМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан