№4 борбордук бала бакча ата-энелердин кайрылуусунан кийин текшерүүдөн өткөрүлдү
Бүгүн, 29-январда, ата-энелерден мурда келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева №4 мектепке чейинки билим берүү уюмуна көчмө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө тарбиялануучулардын тамак-ашын уюштурууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, берилген тамак-аш бекитилген менюга шайкеш келбегени, суткалык үлгүлөрдүн жана контролдук тамактын жоктугу белгиленген.
Мындан тышкары окуу-тарбия процессин уюштурууда да кемчиликтер табылды. Анын ичинде педагогикалык кызматкерлердин методикалык даярдыгы жетишсиз экени аныкталган.
Көчмө текшерүүнүн жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилигине аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттөрдө жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, билим берүү мекемелеринде көчмө текшерүүлөр мындан ары да улантылары айтылды.