Биз социалдык тармакта

Келечектеги iPhone’дор Starlink спутниктерине туташып иштей алат

Apple компаниясы келечектеги iPhone моделдерин Starlink спутниктик интернетине туташтырууну пландап жатат. Бул технология мобилдик байланыш жетпеген тоо, чөл жана алыстагы аймактарда билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы функция автоматтык түрдө иштейт: смартфон спутникти өз алдынча табат, колдонуучу издебейт жана уюлдук телефон жөн гана чөнтөктө болгондо да туташат. Кийинчерээк толук интернет жана чалууларды кошуу каралууда.

Бул мүмкүнчүлүк 2026-2027-жылдары жаңы iPhone моделдерине киргизилиши күтүлүүдө, бирок расмий ырастоо азырынча жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан