АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн, 29-январда Мексика президенти Клаудия Шейнбаум менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны "кереметтүү" жана "акылдуу" деп атады.
Трамп Truth Social тармагында билдиргендей, диалог АКШ жана Мексика үчүн "ийгиликтүү" болгон. Сүйлөшүүдө негизги темалар чек ара маселелери, баңгизаттарды кармоо жана соода болгон.
Америка лидери жакын арада Шейнбаум менен жаңы сүйлөшүү өткөрөрүн жана андан кийин алардын жолугушуусу уюштуруларын убада кылды.
Эскерте кетсек, буга чейин, 9-январда, Дональд Трамп АКШ Мексикадагы баңгикартелдерге каршы жер үстүндөгү чабуулдарды баштай турганын билдирген. Ал мексикалык картелдер өлкөнү башкарууга аракет жасап жатканын жана бул көрүнүш аны капалантып жаткандыгын айткан.