Бишкек шаарында "Баят" базарынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүү үчүн саат 23:50де төрт өрт өчүрүүчү станция тартылган. Учурда өрт чектөөгө алынып, тилсиз жоонун чыгуу себептери такталууда.