Биз социалдык тармакта

№13 округда шайлоо: Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү кечээ, 29-январда аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Белгилүү болгондой, жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлдү (эркектер - 21, аялдар - 10).

Бүгүнкү күнгө карата 11 талапкер катталды, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Маалымат үчүн: БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан