Бишкекте 30 жаштагы жаран жубайына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган 30 жаштагы аял киши күйөөсү денесине залал келтирип, ыплас сөздөрдү айтып, коркутууга алганын айткан. Факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдарга ылайык укуктук баа берилип, тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.