Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда экстремисттик материалдарды таратууга шектелгендер кармалышты

Кара-Суу районунда 24 жана 28 жаштагы жарандар экстремисттик материалдарды таратууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, алар социалдык тармактарда “Ислам мамлекети Ирак жана Леванта” уюмунун материалдарын таратып келишкен. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан