
Өлкөдө таксилердин ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу 29-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жай айына чейин жылдыруу жарандардын кайрылууларынын негизинде ишке ашты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензиялоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Учурда 8 миңдей жаранга жана 300дөн ашуун юридикалык жактарга лицензия берилди.
Белгилей кетсек, өлкөдө 12-сентябрдан 3-декабрга чейин жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталып, бирок министрлер кабинетинин токтомунун негизинде 1-февралга чейин жылдырылган эле.