Дем алыш күндөрү өлкө аймагында жана Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай жарманкелер ушул жылдын июнь айына чейин уланат.
"Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда",- деп билдирди министрлик.
Борбордогу жарманкенин өтүү жайлары:
Турдакун Усубалиев атындагы аянт;
Исхак Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;
Эркиндик бульвары.