Биз социалдык тармакта

Мелания Трамп Путинге жазган катына жооп алганын билдирди

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин анын жазган катына жооп бергенин Fox Business медиасына берген маегинде билдирди.

"Ооба, ал жооп берди. Ал мага жооп кат жөнөттү. Менин өкүлүм алар менен байланышта. Жакында дагы бир чоң ийгиликке жетебиз деп үмүттөнөм",- деген ал.

Айта кетсек, август айында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Путин Аляскада жолугушуу өткөрүшкөн. Анда Трамп орусиялык кесиптешине жубайынын атынан кат тапшырган. Ошол учурда чет элдик ЖМКлар катта Украинадагы жаңжал маалында уурдалып кеткен балдардын тагдыры тууралуу кеп козголгонун жазышкан. Андан бери Путиндин катка жооп берген-бербегени белгисиз болчу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан