Биз социалдык тармакта

Орусиянын ЖОЖдорунда бакалавр жана магистр программалары жоюлат

Орусиянын жогорку окуу жайларында бакалавр жана магистр форматтары 2026-жылдын сентябрында жокко чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Илим жана жогорку билим берүү боюнча комитетинин биринчи орун басары Ксения Горячева билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, 2026-2027-окуу жылынан баштап өлкөнүн жогорку окуу жайларында бакалавр жана магистр программалары жоюлат.

Анын ордуна:
базалык жогорку билим берүү - окуу мөөнөтү 4 жылдан 6 жылга чейин,
• адистештирилген жогорку билим берүү - 1 жылдан 3 жылга чейин болот.

Горячеванын айтымында, адистештирилген деңгээл магистратуранын жаңыланган форматы болуп саналат. Ал эми базалык программаларды аяктаган бүтүрүүчүлөр бюджеттик орундарга сынак аркылуу катыша алышат.

Белгилей кетсек, Орусия Болон системине 2003-жылы кошулган. Ал эми бакалавр жана магистр программалары 2011-жылдан тарта негизги формат катары колдонулуп келген. Болон системи жогорку билим берүүнүн эки баскычтуу моделин камтыйт: бакалавриат 4 жыл, магистратура 2 жылды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан