Биз социалдык тармакта

Бишкектеги мечиттерге жүз таануучу камералар орнотулууда 

Бишкек шаарындагы мечиттерге адамдын жүзүн таануучу видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардык милиция Мусулмандардын дин башкармалыгы менен биргелешкен профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Эми калаадагы мечиттерге жүз таануу функциясы бар заманбап видеокөзөмөл камералары орнотулат.

"Расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык чыр-чатактардын алдын алуу жана жол бербөө максатында, Бишкектеги бардык мечиттердин имамдарына жума намазы башталарда профилактикалык маалыматтарды жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди",- деп билдирген башкармалык.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан