
Бишкек шаарында уурулукка шектелип 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу 30-январда Ленин районунун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-январда борбор калаадагы соода борборлорунун биринде белгисиз кыз баасы 14 миң сомдук алтын шакекти жашыруун уурдап кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2007-жылы туулган А.Ж. аттуу шектүү кармалган. Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмыш ишине тиешеси бар-жогу аныкталууда. Тергөө иштери уланууда.