Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путин менен Москвада жолугуша албай турганын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттерге жооп берип жатып айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
"Албетте, Путин менен Москвада жолугушуум мүмкүн эмес. Бул Путин менен Киевде жолуккандай эле нерсе. Мен деле аны Киевге чакыра алам, келсин. Мен аны эл алдында чакырып жатам, албетте, чече алса",- деген Зеленский.
Ошону менен катар эле Украина президенти сүйлөшүүлөр согушту токтотууга жардам берсе, жолугушуунун бардык форматына даяр экенин белгилеп өткөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Зеленский Путин менен жолугууну кааласа Москвага келе аларын, анын коопсуздугуна кепил болорун билдирген.