Биз социалдык тармакта

"Кыргызтесттин" базасында эл аралык компьютердик тест пункту ачылды

Бүгүн, 30-январда "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пункту салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арслан Койчиев бул пункттун ачылышы мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда маанилүү кадам экенин белгилеген. Ачылыштын алкагында тест пунктунун ишмердүүлүгү жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Жаңы тест пункту жарандарга заманбап талаптарга жооп берген тестирлөө кызматтарын көрсөтүүгө жана мамлекеттик, эл аралык деңгээлде таанылган баалоо механизмдерин ишке ашырууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан