Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы Бишкектеги кафе жана ресторандарга бааларды негизсиз жогорулатпоону эскертти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып тейлөө жана сервировка үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынат – бардык чыгымдар менюдагы баага кириши керек.
Кызмат январь айында айрым жайларда баалар 15 пайыздан ашык өскөнүн белгиледи. Жыйынтыгында ишкерлер бааларды оптималдаштырып, тапшырыктарга 10 пайыздык арзандатуу киргизүүгө макул болушту.