Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коомдук транспорттун айдоочуларына жасалма чек көрсөтүп жүргөн эки чет элдик студентти аныктады. Алар 2005 жана 2006-жылы туулган жана Оштогу жогорку медициналык окуу жайларда окушат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, студенттер Ош ШИИБине алынып, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуу жайдын окутуучулары менен биргеликте мыйзамдарды так аткаруу жана жергиликтүү каада-салтты сыйлоо боюнча да түшүндүрүлгөн.
Учурда факт электрондук журналга катталып, тергөө иштери башталды.