Кытай Британиянын депутаттары жана Лорддор палатасынын мүчөлөрүнө коюлган санкцияларды алып салды. Эми алар Кытайга эркин бара алышат. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармерге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Стармер бул маселени Пекиндеги Си Цзиньпин менен жолугушууда көтөргөнүн билдирген.
Бирок ал санкцияларды алган депутаттардын айрымдары саясий максатта Кытайга баруудан баш тартып, позициясын өзгөртпөй турганын белгилешти.
Эске салсак, 2021-жылы Кытай Британиянын 9 жаранын жана 4 юристтик жакты санкцияга алган, алардын ичинде парламенттин мүчөлөрү жана мурдагы министрлер болгон. Бул чечим Синьцзян-Уйгур автоном району боюнча "жалган маалыматтар жана дезинформация" таратылганы үчүн кабыл алынган, анда улуттук азчылыктардын укуктары бузулуп жатканы айтылган.