Бүгүн, 30-январда Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле соода-экономикалык, саламаттыкты сактоо, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле саясий диалогду жогорку деңгээлде улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин тастыкташты.