Социалдык тармактарда Mazda үлгүсүндөгү унаанын карама-каршы тилкеге чыгып алган видеосу тарады. Бул аракет жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу болуп, башка жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна түз коркунуч жараткан.
Аталган факты боюнча Бишкектин Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам чараларды көрүшүп, унаанын айдоочусун аныкташты. Айдоочу МККБ бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн.
Жол эрежесин бузган айдоочуга мыйзамдарга ылайык укук бузуу боюнча протокол түзүлдү.