Кыргыздын белгилүү балбаны Акжол Махмудов Бишкек шаарындагы "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринен кабар алды. Спортчу таң атпай кара жумушка чыккан айрым кызматкерлеге жолугуп, жылуу сөзүн айтты.
Ошондой эле ал демөөчүлөр менен биргеликте даярдалган кышкы кийимдерди, тамак-аш, ысык чайын берип, жумушчулардын көңүлдөрүн көтөрдү.
Махмудов "Тазалык-бул ыймандын жарымы" деп белгилеп, коомчулукту тазалыкты сактоого чакырды.