Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын билдирди.
Маалым болгондой, 24-январда таңкы саат 04:00 чамасында кайгуул кызматкерлери Toyota үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан шектенип, токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочудан спирт ичимдигинин жыты чыккан. Ага медициналык кароодон өтүү сунушталганда, айдоочу алгач баш тарткан. Бирок кийинчерээк ал наркологиялык борборго жеткирилип, мас абалында экендиги аныкталды.
Бул факты боюнча айдоочуга карата административдик протокол түзүлүп, унаа айып короого токтотулган. Тиешелүү материалдар айдоочуну транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу маселесин кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.